1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

11

Студенттерге сын атоочтордун мааниси жана чет тилде сүрөттөп сүйлөө көндүмдөрүн өркүндөтүү боюнча ачык сабак.

19-ноябрда чет тилдер ПЦКсынын окутуучусу Сыдыкова Жумагүл АТк 4-25 тайпасында “Adjectives (Сын атоочтор)” темасында  ачык сабак өттү.

Сабактын негизги максаты — студенттерге сын атоочтордун маанисин, алардын түрлөрүн жана сүйлөмдө колдонулушун практикалык мисалдар аркылуу түшүндүрүү, ошондой эле чет тилде сүрөттөп сүйлөө көндүмдөрүн өркүндөтүү болду.

Сабак учурунда жуптук жана топтук иштер, визуалдык материалдар, интерактивдүү тапшырмалар колдонулуп, студенттер активдүү катышып, өз ойлорун эркин билдирүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Практикалык бөлүгүндө студенттер предметтерди, аудиторияны жана бири-бирин ар түрдүү сын атоочторду колдонуу менен сүрөттөп көрсөтүштү.

Ачык сабак жогорку деңгээлде уюштурулуп, студенттердин тил үйрөнүүгө болгон кызыгуусун арттырып, практикалык көндүмдөрүн чыңдай алды.