1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

14

"Жаштар жана өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун себептери жана аны алдын алуунун жолдору"

Жаштар жана өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук, азыркы коомдун эң коркунучтуу жана көйгөйлүү маселеси. Акыркы мезгилде жаштар арасындагы кылмыштуулук барган сайын, улам кооптуу жана коркунучтуулукка өтө баштаганы педагогдорду, жаштар маселелери менен алектенген адистерди, укук коргоо органдарын, ата-энелерди тынчсыздандырып, катуу ойго салууда.

Жаштар турмуштун чоң жолуна кадам таштабай жатып, өздөрүн коомдо татыктуу орун табуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратууга кириптер болушууда. Жаштардын нормадан сырткары, коомго жат жүрүш-туруш тартиби, чоң муундарды гана тынчсыздындырат. Алардын өздөрү девианттык жүрүш-турушу жөнүндө эч ойлоп да койушпайт жана аны норма деп эсептейт. Албетте улуу муундар түзгөн коом күнөөлү! Бул маселенин кандайча чечилишинен коомдогу моралдык-нравалык климаттын калыптанышы, мамлекеттин гүлдөп өнүгүшү түздөн-түз көз карандылыкта турат!

Зордук-зомбулук, зөөкүрлүк жана мыкаачылык жаштар арасындагы кылмыштуулуктун мунөздүү чегине айланып бара жатканы коомчулукту ойлонтпой койбойт. Көпчулук учурда жаштар максатка жетүүгө жетиштүү болгон зордук-зомбулуктун, мыкаачылыктын чегинен өтүп кетүүдө. Жаштар жеңил кылмыш жасап, ыңгайсыз абалга кабылган учурда, жасаган кылмышынын изин жашыруу үчүн андан да оор кылмыштарга - адам өлтүрүүгө, денеге оор жаракат келтирүүгө, каракчылыка барышууда.

№1 студенттик жатаканада өткрүлгөн иш-чарага ИИМдин кызматкери,милициянын улук лейтенанты Дилдебаева Дарья жетектеген бир топ кызматкерлер келишип, студенттер үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Алар студенттерди ар кандай кылмыш жасоодон алыс болууга, ошондой эле эгерде кылмыш ишине аралашкан болсо, КРдин мыйзамдарына ылайык жоопко тартылаарын өз сөзүндө белгилеп өттү. Студенттер жолугушуунун аягында сабактарга активдүү катышып, кылмыш чөйрөсунөн алыс болууга убадаларын беришти.