1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

14

«Диабетке каршы биригели» жана «СПИДге каршы күрөшөбүз»

Чет тилдер колледжинин студенттеринин катышуусунда Жалал-Абад областтык китепканасында ден соолукка арналган иш-чаралар өттү.

14-ноябрь — Бүткүл дүйнөлүк кант диабетине каршы күрөшүү күнү, 1-декабрь — Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата Жалал-Абад областтык китепканасында «Диабетке каршы биригели» жана «СПИДге каршы күрөшөбүз» аталышындагы маалыматтык иш-чаралар өткөрүлдү.

Иш-чараларга Чет тилдер колледжинин студенттери катышып, адистерден маанилүү маалыматтарды угуп, кызыктырган суроолорго жооп алышты. Конок катары областтык үй-бүлөлүк медицина борборунун ден-соолук чыңдоо бөлүмүнүн дарыгери Кудайбердиева Жамила Эгамназаровна жана психолог Жээналиева Гүлбахор чакырылды.

Жолугушууда кант диабетинин себептери, анын кесепеттери жана алдын алуу жолдору тууралуу кеңири түшүндүрмөлөр берилип, ошондой эле ВИЧ/СПИД жөнүндө маанилүү маалыматтар айтылды. Студенттер менен жандуу суроо-жооп уюштурулду. Иш-чаранын алкагында каалоочулардын кант деңгээли текшерилип, маалымат баракчалары таратылып, катышуучулар ишеним номерлерин да алышты.