1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

57

Ачык сабак: Студенттердин окууга болгон жөндөмүн жогорулатуучу ыкма 

Чет тилдер колледжинде окутуучу Абдусаматова Алина тарабынан «Келер чак» деген темада ачык сабак өткөрүлдү.

Сабактын жүрүшүндө студенттер англис тилиндеги келер чак убакыттын негизги формалары — Future Simple жана be going to — менен таанышып, ырастоо, суроо жана баш тартуу сүйлөмдөрүн түзүүнү үйрөнүштү. Ошондой эле жаңы билимди оозеки жана жазма сүйлөөдө колдонууну практикалашты.

Сабактын жүрүшүндө  командада иштөө жөндөмү, баарлашуу көндүмдөрү, тапшырмаларды өз алдынча аткаруу, ошондой эле чет тилде өз оюн так жана туура билдирүү аркылуу студенттердин жалпы компетенциялары калыптанды.

Мындан тышкары, студенттердин келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүнө зарыл болгон кесиптик компетенциялар да бекемделди: грамматикалык түзүлүштөрдү туура колдонуу, сөз корун кеңейтүү жана диалог жүргүзүү көндүмдөрү.

Сабак «Алдын ала айтуу» аттуу интерактивдүү оюн менен жыйынтыкталды. Анда студенттер келечек тууралуу сүйлөп, үйрөнүлгөн грамматикалык түзүлүштөрдү активдүү колдонушту. Ачык сабак мазмундуу өтүп, студенттердин тил жөндөмдөрүн жана англис тилинде сүйлөөдө өзүнө болгон ишенимин арттырды.