1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

64

“Илим жаатында өз адистиги боюнча өрнөктүү, атактуу инсандар менен тааныштыруу”

13-ноябрда чет тилдер колледжинде №08/25 буйрутмасына ылайык окутуучу Калмаматова Сонун тарабынан илим айынын алкагында “Илим жаатында өз адистиги боюнча өрнөктүү, атактуу инсандар менен тааныштыруу” аттуу тарбиялык саат өткөрүлдү.

Иш-чаранын негизги максаты – студенттерди өз тармагында ийгиликке жеткен адистердин тажрыйбасы менен тааныштыруу, алардын кесипке болгон кызыгуусун арттыруу жана чет тилдерди билүүнүн артыкчылыгын кеңири түшүндүрүү аркылуу мотивация берүү болуп саналат.

Тарбиялык сааттын жүрүшүндө студенттер:

илимдин пайдасы жана илимий изилдөөлөрдүн мааниси тууралуу маалымат алышты;

дүйнөлүк практикадагы жетишкендиктер менен таанышты;

өз ой-пикирлерин ортого салып, келечектеги изилдөөлөрүнө идея алышты;

кесиптик өнүгүүгө шыктандыруу алганга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Иш-чара билим алууга кызыгууну арттырып, студенттердин илимий-изилдөө ишине болгон көз карашын кеңейтти.