1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

58

"Профессор менен жолугушуу"

14-ноябрда чет тилдер колледжинде №08/25 буйрутмасына ылайык илим айында өткөрүлүүчү "Профессор менен жолугушуу" аталышындагы конок лекция болуп өттү.

Иш-чаранын максаты — жаштарды илимий изилдөөнүн негизги ыкмалары жана этаптары менен тааныштыруу, алардын илимий ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү, практикалык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө шыктандыруу жана илимий изилдөө жөндөмдөрүн чыңдоо болуп саналат.Лекцияга МНУнун математика илимдеринин профессору Борубаев Таштан агай жана педагогика илимдеринин доктору, профессор Сакиева Сайипжамал Салайдиновна атайын чакырылып, өздөрүнүн көп жылдык тажрыйбасына таянган терең баяндамаларын сунушташты. Алар студенттерге илимий изилдөөнүн жолдору тууралуу кеңири маалымат берип, өздөрүнүн баалуу тажрыйбасы менен бөлүшүп, бир катар кызыктуу идеяларды сунушташты. Бул болсо студенттерди дагы да шыктандырып, илимге болгон кызыгуусун арттырды.Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер активдүү катышып, өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, конок профессорлордон баалуу кеңештерди алышты. Лекция студенттер үчүн өзгөчө таасирдүү болуп, алардын илимий дүйнөгө болгон кызыгуусун арттырып, изилдөөчүлүк жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө кошумча стимул берди.

Иш-чаранын соңунда студенттер жана окутуучулар тарабынан конокторго ыраазычылык билдирилди.