1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

50

"Кытай тилин үйрөнүүнүн мүмкүнчүлүктөрү"

13-ноябрда чет тилдер колледжинде "Кытай тилин үйрөнүүнүн мүмкүнчүлүктөрү" аттуу конок лекция өткөрүлдү. Лекцияга Кытайлык кыргыз Өмүрбек Дөөлөт уулу чакырылды. Ал учурда Манас шаарында кытай-кыргыз биргелешкен жеке фирмада котормочу болуп иштейт.

Өмүрбек Дөөлөт уулу студенттерге кытай тилин үйрөнүүнүн өзгөчөлүктөрү, анын заманбап дүйнөдөгү орду жана келечектеги кесиптик мүмкүнчүлүктөр тууралуу кызыктуу маалыматтарды берди. Ошондой эле өзүнүн тажрыйбасынан мисалдар келтирип, тилди үйрөнүүдөгү мотивация жана тынымсыз аракеттин маанисин баса белгиледи.

Иш-чаранын соңунда студенттер конокко суроолорун берип, баалуу кеңештерди алышты. Лекция студенттерди чет тилдерди, айрыкча кытай тилин терең үйрөнүүгө шыктандырды.