1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

45

"7-8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү"

    2025-ж. 7-ноябрь күнү Б. Осмонов атындагы Жалал- Абад мамлекеттик университетинин Чет тилдер колледжинин ЖББ ПЦКнын   тарых окутуучулары Ч.Токтосунова, У.Абдрашева, А.Жороева жана Чет тилдер ПЦКсынын  тарбиялык иштер боюнча орун басары  А. Бакирова  тарабынан  студенттер менен биргеликте “7-8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү ! “ тарыхый даталуу күнүнө карата диспут өткөрүлдү.

   Иш-чаранын максаты: Ата-бабаларыбыздын тарыхын, басып өткөн жолдорун, бизге калтырган мурастарын,эмгектерин,саясий эркиндик жана эгемендүүлүк үчүн күрөшкөнүнө тарыхый баа берүү.

     Кече  КРнын гимнин  угуу менен башталды. Андан соң  алып баруучу  Чет тилдер ПЦКсынын  тарбиялык иштер боюнча орун басары  А. Бакирова  кечени ачып берүүгө сөз берилди. Ал өз сөзүндө окутуучуларга жана студенттерге каалоо тилектерин айтып кечени ачык деп жарыялады. “7-8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү !” -деген темада тарых окутуучусу  А.Жороева тарабынан доклад окулуп кызыктуу маек куруп берди.

     А.Жороева эжеке  окулган доклад жана көрсөтүлгөн  1916-жылдагы “Үркүн” боюнча киносу студенттерге кыскача коюлуп берилди жана кино боюнча  студенттерден суроо жооп уюштуруп талкуу жүргүздү талкуунун негизинде дагыда толугураак мааламаттарды айтып берди.

   Иш-чаранын соңунда  тарых окутуучусу Ч.Токтосуновага сөз берилип, студенттерге Кыргызстан тарых сабагына жакшы көңүл бөлүп окууга келечекте кыргыз мамлекетине салым кошкон инсандардар  болгула деп  айтып өттү. Өз сөзүнүн соңунда  студенттерге окууларына ийгиликтерди  каалады.