1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

48

 "Англис тили жумалыгы"

Англис тили жумалыгынын салтанаттуу жыйынтыгы!

2025-жылдын 7-ноябрында, чет тилдер колледжинде бир жумага созулган "Англис тили жумалыгы" өз максатына жетип салтанаттуу жыйынтыкталды!

Бул күн таланттуу студенттердин аткаруусундагы жандуу ырлар, бийлер жана кызыктуу сахна көрүнүштөрү аркылуу окутуучулардын жана студенттердин маанайын көтөрдү. Жумалык бою студенттер оюн-зооктор жана интерактивдүү иш-чаралар аркылуу тилге болгон кызыгуусун арттырып, сөз байлыгын ийгиликтүү кеңейтишти.

Иш-чаранын соңунда жумалыктын активдүү катышуучуларына жана жеңүүчүлөрүнө ар кандай номинациялар боюнча Ардак грамоталар тапшырылды.

Колледж жетекчилиги жана жалпы жамаат бул маанилүү иш-чараны жогорку деңгээлде уюштурган уюштуруучуларга жана өз өнөрүн тартуулаган бардык студенттерге терең ыраазычылык билдирет! Сиздердин активдүүлүгүңүздөр жана чыгармачылыгыңыздар тил үйрөнүү боюнча студенттердин кызыгуусун арттырды.