1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

52

Thanksgiving Party 

Чет тилдер колледжинде Thanksgiving Party

2025-жылдын 6-ноябрында чет тилдер колледжинде Ыраазычылык күнүнө арналган Thanksgiving Party аттуу маданий-билим берүү иш-чарасы өткөрүлдү.

Иш-чаранын негизги максаты — студенттердин англис тилинде баарлашуу жөндөмүн өнүктүрүү, Америкалык маданияттын салттары менен тааныштыруу, ошондой эле студенттердин арасында достук жана жылуу атмосфераны бекемдөө.

Иш-чаранын программасы боюнча катышуучулар англис тилин тематикалык диалогдор, оюндар, бийлер жана чыгармачыл тапшырмалар аркылуу практикада колдонушту. Өзгөчө көңүл сөз байлыгын кеңейтүүгө, оозеки сүйлөө көндүмүн жана маданият аралык баарлашууну өнүктүрүүгө бөлүндү.

Майрамдык чөйрө студенттерге Ыраазычылык күнүнүн салттары тууралуу билүүгө гана эмес, жашоодо маанилүү болгон нерселерге — үй-бүлө, ден соолук, достор жана билим үчүн ыраазычылыгын билдирүүгө мүмкүнчүлүк түздү.