1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

65

Студенттер арасында “English Speaking Club” аталышында иш-чара өткөрүлдү

2025-жылдын 6-ноябрында чет тилдер колледжинде англис тили жумалыгынын алкагында төмөнкү окутуучулар: Абдуллаева Перизат, Мурзалиева Мунара жана Шүкүрова Айтурган тарабынан “English Speaking Club” аттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чаранын негизги максаты — студенттердин англис тилиндеги сүйлөө жөндөмдөрүн өркүндөтүү, сахна маданиятын өнүктүрүү жана чет тилде өз оюн эркин айта билүүгө өбөлгө түзүү болду. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер англис тилинде кыскача сахна көрүнүштөрү жана кызыктуу оюндар аркылуу өздөрүнүн чыгармачылык жөндөмдөрүн жана тил билүүсүн жогорку деңгээлде көрсөтүштү. Студенттердин активдүүлүгү жана мыкты аткаруусу иш-чарага өзгөчө маанай тартуулады.