1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

78

 "Арт-терапия”

Тилди жана чыгармачылыкты арт-терепия аркылуу айкалыштыруу! 

2025-жылдын 6-ноябрында чет тилдер колледжинде англис тили жумалыгынын жүрүшүндө “Арт-терапия” аттуу чыгармачыл иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чаранын максаты — студенттердин тил үйрөнүү процессин чыгармачылык жана эс алуу менен айкалыштыруу, ошондой эле жекече жана социалдык компетенцияларын өнүктүрүү болуп саналат.

Студенттер окутуучулар менен биргеликте жаратылыш жана күз темасындагы сүрөттөрдү тартып, өз ойлорун түстөр жана образдар аркылуу билдиришти. Бул иш-чара студенттерге эмоционалдык интеллектин, эстетикалык даамын жана коммуникативдик жөндөмдөрүн өрчүтүүгө мүмкүнчүлүк жаратты.

Иш-чара жыйынтыгында студенттер позитивдүү маанай жана жаңы мотивация менен тил үйрөнүүгө шыктанганын белгилешти.