1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

73

“Smart Quiz” - Англис тили жумалыгы

“Smart Quiz” — Англис тили жумалыгынын экинчи күнү.

2025-жылдын 4-ноябрында чет тилдер колледжинде англис тилинин экинчи күнү белгиленип, бул күндүн программасы боюнча “Smart Quiz” аттуу кызыктуу иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чаранын башында англис тили мугалимдери викторинанын максаты менен студенттерди тааныштырып, сабакты мээ чабуулу аркылуу жандуу жана кызыктуу формада башташты.

Викторинанын жүрүшүндө катышуучулар ар түрдүү суроо-жооп форматындагы тапшырмаларга жооп берип, логикалык ой жүгүртүүсүн жана тил билүү деңгээлин көрсөтүштү. Ошондой эле көркөм окуу көндүмдөрүн өрчүтүүгө багытталган тапшырмалар да орун алды.

Бул иш-чара окуучулардын англис тилине болгон кызыгуусун арттырып, өзүнө ишеничин бекемдеп, командалык иштөө көндүмдөрүн өнүктүрдү.

“Smart Quiz” күнү ийгиликтүү өтүп, катышуучулар жогорку активдүүлүк жана чыгармачылык мамиле көрсөтүштү.