1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

90

"English Week" – англис тили жумалыгынын ачылышы!

Бүгүн чет тилдер колледжинде "English Week" – англис тили жумалыгы салтанаттуу түрдө ачылды! Иш-чара “Welcome to English Week!” деген ураандын алдында өтүп, студенттер менен мугалимдердин активдүү катышуусу менен жандуу маанайда башталды. Ачылыш аземинде англис тилин үйрөнүүнүн мааниси тууралуу слайддар көрсөтүлүп, шыктануу жараткан ураандар жаңырды. Ошондой эле студенттер англис тилинде ырларды айтып, плакат көргөзмөсүндө эркин сүйлөп беришти. Бул жумалык англис тилине болгон кызыгууну арттырып, студенттердин чыгармачылык жана тил көндүмдөрүн өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүк берет. Алдыдагы күндөрдө ар түрдүү кызыктуу иш-чаралар, сынактар жана оюндар күтүлүүдө.