1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

5 месяцев назад

127

СТУДЕНТТИК ЖАШООГО ИЙГИЛИКТҮҮ АДАПТАЦИЯ

Чет-тилдер колледжинде ата-энелер чогулушу

Чет-тилдер колледжинде жалпы 9-база менен кабыл алынган студенттердин ата-энелери үчүн ата-энелер чогулушу уюштурулду. Чогулуштун негизги максаты — ата-эне, студент жана окуу жайдын ортосундагы байланыштууну күчөтүү эле. Чогулушка Чет-тилдер колледжинин директору Баймырзаева Б.М., ЖББнын башчысы Эрмеков К.С., МТ, социалдык иш жана тарбия иштери боюнча орун басары Маткасымова Г.П., психолог Жумабаева Д.К. катышышты. Чет-тилдер колледжинин директору Б.М. Баймырзаева окуу жай жөнүндө жалпы ата-энелерге слайд аркылуу кенен маалымат берди. Психолог ата-эне менен баланын ортосундагы байланышты күчөтүү үчүн эң пайдалуу, кызыктуу жана таасирдүү баяндама жасап бере алды. Маткасымова Г.П. тарбия ишин алып баруудагы иш-аракеттер, кыйынчылыктар жана жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар жөнүндө кенен маалымат берип, жалпы ата-энелерди баласынын келечеги үчүн окуу жай менен тыгыз байланышта болууга чакырды. Чогулушта ата-энелер менен суроо-жооп уюштурулуп, ата-энелер студенттин кийим-кече маданияты, адеп-ахлак, окуу жайдын ички жана сырткы тартиптери боюнча көптөгөн суроолорго жеткиликтүү жоопторду ала алышты. Чогулуш өз максатына жетти жана баласынын келечеги үчүн кайдыгер болбой, чогулушка катышып берген ар бир ата-энеге терең ыраазычылык билдирилди.