1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

5 месяцев назад

132

Алымбек датка Асанбий уулу-тарыхый инсан

2025-ж. 31-октябрь күнү Б. Осмонов атындагы Жалал- Абад мамлекеттик университетинин Чет тилдер колледжинин ЖББ ПЦКнын  директордун тарбиялык иштер боюнча орун басары В.Б.Кармышева жана тарых окутуучулары Ч.Токтосунова, У.Абдрашева, А.Жороева тарабынан  студенттер менен биргеликте “ Кокон хандыгынын саясий жана мамлекеттик ишмери, тарыхый инсан -Алымбек датка Асан бийдин 225 жылдыгына” карата  тегерек стол өткөрүлдү. Тегерек столдун максаты келечек муундарды тарбиялоодо улуу инсандардын  аткарган иштерин унутта калтырбай жаш муундарды патриоттуулукка  тарбиялоо.

    Алымбек датка_- кыргыз элинин XIX кылымдагы көрүнүктүү  мамлекеттик жана саясий ишмери, эл башкаруучу, дипломат жана акылман инсан. Анын тарыхтагы орду өзгөчө, анткени ал Кыргызстандын түштүк аймагында  мамлекеттик түзүлүштү чыңдоого, эл биримдигин сактоого жана тышкы саясатты жүргүзүгө  чоң салым кошкон инсан болгон.

  Алгач бул иш-чараны ЖББ ПЦКнын  директордун тарбиялык итштер боюнча орун басары В.Б.Кармышева эжеке сөз сүйлөп ачып берди андан соң тарых окутуучу Ч.Токтосунова эжеке “ Алымбек Датка Асан бий уулунун  өмүр баяны  жана кызыктуу фактылар” боюнча кызыктуу маекти слайд менен эң сонун түшүндүрүп берди. КАТк-2-24 тайпасынын студентти да  “Кокон хандыгынын парваначысы жана даткасы” деген темада доклад окуп студенттерге кызыктуу маек куруп берди.

   Ч.Токтосунова эжеке  окулган доклад жана көрсөтүлгөн виде материалдар   боюнча студенттерден суроо жооп уюштуруп талкуу жүргүздү талкуунун негизинде дагыда толугураак мааламаттарды айтып берди.

Иш-чаранын соңунда ЖББ ПЦКнын  төрагасы К.С.Эрмековго сөз берилди агай өз сөзүндө ушундай иш-чаралар студенттердин теориялык билимдерине практикалык иш жүзүндө чон салым кошоорун айтып өттү.  Дагыда ушундай иш-чараларга активдүү катышуууга үндөп өз сөзүнүн соңунда  студенттерге окууларына ийгиликтерди айтып уюштуруучуларга ыраазычылык билдирди..