1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

5 месяцев назад

117

Маданият — элдин жүзү, улуттун руху! 

Жалал-Абад областтык китепканасында Маданият кызматкерлеринин күнү белгиленип, “Маданият — эл көркү” аттуу майрамдык кече өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө маданияттын коомдогу орду, руханий мурастын сакталышы жана чыгармачыл инсандардын салымы тууралуу кеңири сөз болду. Кече ыр, обон жана көркөм чыгармалар менен коштолуп, жылуу маанайда өттү.

Бул иш-чарага Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Чет тилдер колледжинин Атк 03-24 тайпасынан таланттуу манасчы, республикалык деңгээлдеги конкурстардын жеңүүчүсү Исабаева Сайкал катышып, “Манас” эпосунан үзүндү айтып, көрүүчүлөрдүн зор кол чабуусуна татыды.