1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

5 месяцев назад

142

Баткен окуясынын тарыхый сабактары

2025-жылдын 29-октябрында чет тилдер колледжинде “Баткен окуясынын тарыхый сабактары” аттуу темада тегерек стол  өткөрүлдү.

Иш-чаранын максаты 1999-2000-жылдардагы Баткен окуяларынын себептерин, жүрүшүн жана тарыхый маанисин түшүндүрүү, мекенге болгон сүйүү жана жарандык жоопкерчиликти калыптандыруу болду.

Мында Баткен окуясынын түз катышуучулары — полковник Карбеков  Жумабек Камчыбекович жана Сузак районунун Баткен ардагерлер кеңешинин төрагасы, улук прапорщик Турков Бакытбек атайын конок катары чакырылып, студенттер менен баарлашуу өткөрүштү. Алар өздөрүнүн эскерүүлөрүн айтып, эл-жерди коргоонун ардак-намысын жана жоокердик рухтун маанисин бөлүшүштү.

Студенттер Баткен окуясына байланыштуу докладдарды окуп, талкууга активдүү катышышты. Ошондой эле алар конокторго суроолорду берип, Баткендеги реалдуу кырдаал жана жоокердик кызматтын оорчулугу тууралуу баалуу жоопторду алышты. Курман болгондорду эскерүү максатында бир мүнөт үнсүздүк жарыяланды.

Колледж администрациясы жана мугалимдер иш-чаранын жогорку деңгээлде өткөнүн белгилешип, мындай жолугушуулар жаштардын патриоттук рухун бекемдөөгө жана тарыхый аң-сезимин өстүрүүгө чоң салым кошоорун айтышты.