1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

6 месяцев назад

136

Чет тилдер колледжинде студенттер үчүн интеллектуалдык оюн болуп өттү

Бул иш-чаранын максаты — студенттердин билим деңгээлин жогорулатуу, логикалык ой-жүгүртүүсүн өркүндөтүү жана командалык иштөө көндүмдөрүн чыңдоо. Негизинен 5 команда катышып, ар бири активдүү катышып, ар кандай кызыктуу тапшырмаларды аткарып, өз ой-пикирлерин так жана креативдүү түрдө көрсөттү. Оюн учурунда студенттер көптөгөн суроолорго жооп берип, тапкычтык, жылдам ой жүгүртүү жана командалык стратегияларын сынап көрүштү. Бул иш-чара баарлашууну, бири-бирине колдоо көрсөтүүнү жана интеллектуалдык кызыгууну арттырды.

Жеңүүчүлөр:

1-орун: Манас командасы

2-орун: Акылман командасы

3-орун: Ак Шумкар командасы Мындай оюндар студенттер үчүн жаңы билимди өздөштүрүүгө, чыгармачылыгын өнүктүрүүгө жана достук байланыштарын чыңдоого чоң жардам берет.