1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

6 месяцев назад

145

СТУДЕНТТЕР ДА МАНАС АЙТЫП, ЭЛДИН РУХУН КӨТӨРДҮ. 

Манас шаарынын "Азаттык" аянтында белгилүү манасчы Дөөлөт Сыдыков  «Айкөл Манас — өчпөс ысым кылымдарга!» аттуу иш-чарасынын алкагында узак сааттар боюу "Манас" айтып, элге руханий азык тартуулады. Бул иш-чарага Жалал-Абад мамлекеттик университети да активдүү катышып, чет тилдер колледжинин студенти Сайкал Исабаева Манас айтып, өз өнөрүн көрсөттү.  

Манас эпосу  тарыхыбыздын терең тамыры. Ал биздин улутубуздун биримдигин, кайраттуулугун, ынтымагын жана эр жүрөктүүлүгүн чагылдырган эпос.  Манасты угуу менен элиңе болгон сүйүү, мекенчилдик сезимди күчөтө аласың.

Белгилүү манасчы менен бир сахнада Манас айткан Сайкал Исабаева 2-курстун студенти. Ал буга чейин республикалык жаштар арасында өткөн “Манас айтуучулар сынагынын" жеңүүчүсү болгон.

Белгилей кетсек, Манас шаарында уюштурулган бул иш-чара 8 саатка созулган. Мындан ары жаш манасчылар арасында да Манас айтуу байма-бай колго алынмакчы