1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

6 месяцев назад

136

Кытай тил жумалыгы жыйынтыкталды

Чет тилдер колледжинде 13-октябырынан 18-октябрга чейин Кытай тили жумалыгы өткөрүлдү. Бул жума — тил үйрөнүүнү гана көздөгөн иш-чара эмес, студенттердин дүйнө таанымын кеңейткен, башка элдин маданиятына болгон урмат-сыйын арттырган чоң саамалык болду. Иш-чаранын алкагында студенттер кытай тилинде диалог куруп, каллиграфия жана көркөм өнөрү менен таанышышып, тайцзи көнүгүүсүн жасап ар тараптан түшүнүктөрүн арттырып жыйынтыгында конкурс, ыр-бийлерди уюштуруп окуу менен тарбияны айкалыштырган тажрыйбага ээ болушту. 18-октябрь күнү жумалыктын жыйынтыктоочу концерти өткөрүлүп, студенттер өздөрүнүн үйрөнгөн билимдерин, чыгармачылыгын жана талантын көрсөтүштү. Ар бир номер кытай маданиятынын бай мурастарын чагылдырып, көпчүлүккө жагымдуу таасир калтырды. Бул жумалык тажрыйба, жаңы көз караш, дүйнөлүк маданиятка бир кадам жакындаган учур болду.