1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

6 месяцев назад

101

Чет тилдер колледжинде кытай тили жумалыгы уланууда

Чет тилдер колледжинде өтүп жаткан кытай тили жумалыгы уланууда. Бүгүн студенттер кытай каллиграфиясынын көркөм өнөрү менен таанышып, иероглифтерди жазуу боюнча өз жөндөмдөрүн сынап көрүштү. Ошондой эле Кытайдын салттуу сүрөт өнөрү боюнча мастер-класска катышып сүрөттөрдү тартышты. Мындан сырткары, студенттер үчүн тайцзи - дене кыймылы, дем алуу жана гармония философиясын айкалыштырган байыркы кытай өнөрү боюнча көнүгүүлөрдү жасашты. Кытай тили жумалыгы дагы уланууда, алдыда катышуучуларды Кытай маданиятына жана салттарына арналган жаңы кызыктуу иш-чаралар күтүп турат