1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

6 месяцев назад

157

Чет тилдер колледжинде кытай тили жумалыгы башталды

13-октябрь чет тилдер колледжинде кытай тили жумалыгынын биринчи күнү болуп өттү. Бул иш-чаранын негизги максаты — окутуучулар менен студенттердин өз ара байланышын чыңдоо, студенттердин кесиптик компетенцияларын жана коммуникативдик көндүмдөрүн өнүктүрүү, ошондой эле окутуучулардын методикалык чеберчилигин өркүндөтүү болуп саналат. Жумалыктын биринчи күнүндө программага ылайык студенттер кытай фильмдерин көрүп, бири -бири менен баарлашып сүйлөө көндүмдөрүн практика жүзүндө бекемдешти. Ошондой эле окутуучулар тарабынан ачык сабактар уюштурулуп, мугалимдер өздөрүнүн методикалык тажрыйбалары менен бөлүшүп, эффективдүү окутуу стратегияларын көрсөтүштү. Иш-чара жандуу жана чыгармачылык маанайда өтүп, студенттердин кытай тилине болгон кызыгуусун арттырды. Жумалык бою студенттерди ар түрдүү тематикалык иш-чаралар, конкурстар күтүп турат!