1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

1 год назад

310

МАМЛЕКЕТТИК ПРАКТИКА ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

2024-жылдын 27-28-май күндөрү ЖАКтын чет тили адистигинин 3- курсунун Атк-01-22, Атк-02-22, Атк-03-22, Атк-2-21, Атк-3-21 тайпаларынын студенттерине мамлекеттик практика боюнча жыйынтыктоочу конференция өткөрүлдү.

Студенттер жетишкендиктери менен бирге мектепте аткарган иштери тууралуу айтып беришти. Алар мектеп документтерин туура толтурууну, сабактардын ар кандай түрлөрүн пландаштырууну жана өткөрүүнү үйрөнүштү, окутуунун инновациялык ыкмаларын сабакта практикалашты. Жыйынтыгында, мамлекеттик практиканын керектүү отчеттук документтерин тапшырышты.