1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

1 день назад

11

“Teaching Vocabulary: From Memorizing to Using” темасындамастер-классөттү

Бүгүн англис тили мугалимдери үчүн “Teaching Vocabulary: From Memorizing to Using” темасында мастер-класс өткөрүлдү.

Мастер-класстын уюштуруучусу: Ташматова Назира Анарбековна.

Мастер-класстын максаты — сөздөрдү жөн гана жаттатпастан, окуучулар аларды сүйлөөдө активдүү колдоно тургандай кылып үйрөтүү жолдорун көрсөтүү.

Мастер-класстын жүрүшүндө катышуучулар төмөнкүлөрдү талкуулашты:

- Сөздү «билүү» деген чындыгында эмнени билдирет

- Эмне үчүн окуучулар сөздөрдү 24 саатта эле унутуп калышат

- Лексика менен иштөөдөгү 3 маанилүү кадам: Meet — Use — Recycle

- 30 эмес, болгону 7-10 пайдалуу сөздү кантип тандоо керек

- Сөздөрдү котормосuz кантип көрсөтүү керек — сүрөт, кырдаал жана CCQ аркылуу

- Жеке сөздөрдү эмес, чанктарды кантип үйрөтүү керек

- Сөздү окуучу үчүн жеке кантип кылуу керек

- Практиканы кантип уюштуруу керек: Controlled-ден Free speaking-ге чейин

- Сөздөрдү кантип кайталоо керек — Recycling

Мугалимдер жупташып активдүү иштешти, 5 сөздөн турган мини-сабактарды түзүштү, өз идеяларын сунушташты жана тажрыйба алмашышты.

Мастер-класс жылуу, жандуу жана жемиштүү маанайда өттү. Катышуучулар лексика боюнча жакшы сабактын даяр чек-листин жана сабак планынын үлгүсүн алышты.

Бардык мугалимдерге активдүүлүгү, кызыктуу идеялары жана кесипкөй кызыгуусу үчүн ыраазычылык билдиребиз!

Сөздөрдү дептер үчүн эмес — жашоо үчүн үйрөтөбүз!