1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

11 часов назад

30

2026-жылдын 26-ноябрында Чет тилдер колледжинде, Илим айынын алкагында  «Илим бул — божомол эмес, далил» деген темада тегерек стол болуп өттү.

Уюштуруучулар: Чет тилдер колледжинин чет тили мугалимдеринин методикалык бирикмеси жана Англис тили окутуучулары

Максаты: Студенттердин илимий-изилдөө иштерин практика менен байланыштыруу, теориялык билимди практикада колдонуу көндүмдөрүн калыптандыруу жана жаш изилдөөчүлөрдү колдоо.

Тегерек столго: колледждин администрациясы, чет тили мугалимдери, методисттер , шаардык мектептерден чакырылган англис тили мугалимдери  жана студенттер катышты.

Студенттер өз илимий иштерин практиканын негизинде коргоп, алынган жыйынтыктарды далилдер менен көрсөтүштү. Талкуу учурунда практикада кездешкен кыйынчылыктар жана аларды чечүү жолдору каралып, сунуштамалар берилди.

Тегерек стол жогорку деңгээлде, жандуу талкуу менен өттү. Катышуучулар илимий иштин сапатын жогорулатуу боюнча бир катар сунуштарды кабыл алышты.