1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

12 часов назад

4

«Кытай маданияты жумалыгынын» алкагында кургатылган гүлдөр менен кооздолгон тегерек желпүүр жасоо боюнча мастер-класс

2026-жылдын 26-ноябрында чет тилдер колледжинде «Кытай маданияты жумалыгынын» алкагында кургатылган гүлдөр менен кооздолгон тегерек желпүүр жасоо боюнча мастер-класс өттү.

Иш-чараны Конфуций институтунун окутуучулары Линь Сяолань жана Чэнь Чуньхуэй уюштурушту. Студенттер салттуу кытай желпүүрлөрүнүн тарыхы менен таанышып, өздөрү тандаган гүлдөрдөн классикалык стилдеги кооз желпүүрлөрдү жасашты. Бул сабак жаштарга кытай маданиятын жакындан таанууга жана эки өлкөнүн достук байланышын чыңдоого өбөлгө түздү.