1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

8 часов назад

8

Чет тилдер колледжинде Кытай маданиятынын жумалыгы салтанаттуу ачылды

2026-жылдын 23-ноябрында Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Манас шаарындагы Чет тилдер колледжинде Конфуций институту менен биргеликте Кытай маданиятынын жумалыгынын ачылыш аземи болуп өттү.

Иш-чараны окутуучулар Гао Шуанъин жана Айтмаматова Нурзада алып барышты. ПЦКнын төрайымы Бермет Джалиловна куттуктоо сөз сүйлөп, тил үйрөнүүдө маданияттын орду жана мааниси тууралуу белгиледи.

Ачылыш аземинде студенттер үчүн кызыктуу оюндар жана интерактивдүү тапшырмалар уюштурулуп, катышуучулар активдүү катышышты.

Жумалыктын алкагында кытай каллиграфиясы, сүрөт тартуу, кагаздан оймо-чийме жасоо жана жыгачка сүрөт түшүрүү боюнча мастер-класстар өткөрүлөт.

Иш-чаранын негизги максаты — студенттердин кытай тилине болгон кызыгуусун арттыруу, Кытай элинин маданияты жана каада-салттары менен тааныштыруу, ошондой эле Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы маданий байланыштарды чыңдоо.