1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

3 дня назад

4

Чет тилдер колледжинде педагогикалык практиканын жыйынтыктоочу конференциясы болуп өттү

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Чет тилдер колледжинде студенттердин педагогикалык практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы «My Teaching Experience and Innovative Methods» («Менин окутуу тажрыйбам жана инновациялык методдор») темасында өткөрүлдү.

Конференциянын негизги максаты – студенттердин педагогикалык практика учурундагы ишмердүүлүгүнө жыйынтык чыгаруу, мектептерде топтогон тажрыйбаларын бөлүшүү, колдонгон окутуу методдорун талдоо жана кесиптик компетенттүүлүгүн өнүктүрүү болду.

Иш-чараны колледждин директору Баймырзаева Батма Масалбековнанын конференцияны ачуу сөзү менен башталды. Директор өз сөзүндө педагогикалык практиканын болочок мугалимдердин кесиптик калыптанышындагы өзгөчө ордун белгилеп, студенттердин теориялык билимдерин практика менен айкалыштырып, өз алдынча сабак өтүү, окуучулар менен иштөө жана заманбап педагогикалык ыкмаларды өздөштүрүү тажрыйбасынын маанилүүлүгүнө токтолду.

Конференциянын жүрүшүндө студенттер педагогикалык практика учурунда аткарган иштери боюнча отчетторун презентация түрүндө сунушташты. Алар мектептерде өткөргөн сабактары, колдонгон инновациялык жана интерактивдүү методдору, санариптик платформаларды пайдалануу тажрыйбалары, окуучулар менен иштөө өзгөчөлүктөрү жана сабакта колдонгон дидактикалык материалдары тууралуу кеңири маалымат беришти.

Ошондой эле англис жана кытай тилдерин окутуунун натыйжалуу ыкмаларын көрсөтүп, окуучулардын сүйлөө жөндөмүн өнүктүрүү, оюн аркылуу окутуу, классты башкаруу, билимди баалоо, инклюзивдүү билим берүү жана жагымдуу окуу чөйрөсүн түзүү боюнча практикалык мисалдар менен бөлүшүштү.

Өзгөчө студенттердин практика учурунда кездешкен кыйынчылыктары, аларды чечүү жолдору, өздөштүргөн жаңы көндүмдөрү жана кесиптик өсүүсү тууралуу баяндамалары конференциянын мазмунун байытты.

Конференцияны уюштуруу жана өткөрүү иштерине практика жетекчилери активдүү катышып, иш-чараны чет тили окутуучусу Калмаматова С. алып барды.

Жыйынтыгында, педагогикалык практика студенттердин теориялык билимин бекемдеп гана тим болбостон, алардын өз алдынча иш алып баруу, сабакты пландаштыруу, заманбап технологияларды колдонуу жана мугалимдик кесипке болгон жоопкерчилигин арттырууда маанилүү роль ойной тургандыгы белгиленди.

Мындай жыйынтыктоочу конференциялар студенттердин тажрыйба алмашуусуна, чыгармачылык изденүүсүнө жана келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүнө жаңы дем берет.