1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

3 дня назад

3

Илим айынын алкагында мастер-класс өткөрүлдү!

Колледжибизде Илим айынын алкагында окутуучулардын педагогикалык тажрыйбасын жайылтуу жана билим берүү процессинде практикалык ыкмаларды колдонуу максатында мастер-класс өткөрүлдү.

Мастер-классты окутуучу Бакирова Эльмира Базарбаевна «Физикалык кубулуштарды турмуштук мисалдар менен түшүндүрүү» деген темада өткөрдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө физикалык кубулуштарды күнүмдүк турмуштагы мисалдар аркылуу түшүндүрүүнүн жолдору көрсөтүлүп, теориялык билимдерди практикалык турмуш менен айкалыштырууга өзгөчө көңүл бурулду.

Мастер-класс катышуучулар үчүн тажрыйба алмашууга, окутуунун натыйжалуу ыкмалары менен таанышууга жана педагогикалык чеберчиликти өркүндөтүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түздү.