1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

4 дня назад

6

Илим айына карата Чет тилдер колледжинде «Кызыктуу иероглифтер» конок лекциясы өттү

2026-жылдын 18-ноябрында Илим айына карата Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун Чет тилдер колледжинин «Чет тилдер» ПЦКсында Конфуций институту менен биргеликте 3-курстун студенттери үчүн «Кызыктуу иероглифтер» конок лекциясы өттү. Конок лекцияны кытай тили окутуучусу Цзыцин Сяо өткөрдү.

Иллюстрациялардын, анимациянын жана иероглифтердин мисалдарынын жардамында кытай жазуусунун байыркы доордон азыркыга чейинки өнүгүү жолу, белгилердин түзүлүү логикасы жана маданий мааниси түшүндүрүлдү. Интерактивдүү форматта жана викторина менен өткөн жолугушуу студенттердин кытай тилин үйрөнүүгө болгон кызыгуусун арттырды.