1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

4 дня назад

13

«Beyond AI: The Future of Human Translation and Interpreting» аттуу конок лекция болуп өттү.

Конок лекция: котормонун келечеги жана жасалма интеллект 

Бүгүн, 19-ноябрда, Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун Чет тилдер колледжинде Илим айынын алкагында Чет тилдер ПЦКсы тарабынан уюштурулган «Beyond AI: The Future of Human Translation and Interpreting» аттуу конок лекция болуп өттү. 

Иш-чарада К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинин Чет тилдер, котормо теориясы жана практикасы кафедрасынын ага окутуучусу, «Семиотика» окуу-өндүрүштүк борборунун (ЖЧК) директору, IELTS боюнча инструктор Абышев Эрнис Абдыбекович баяндама жасап, жасалма интеллект доорунда котормочунун орду, атаандаштыкка жөндөмдүү болуу жолдору жана заманбап кесиптик көндүмдөр тууралуу баалуу маалыматтары менен бөлүштү. 

Жолугушуу студенттердин активдүү катышуусу жана кызыктуу суроо-жооптору менен коштолду. Мазмундуу лекциясы үчүн спикерге терең ыраазычылык билдиребиз!