1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

5 дней назад

13

ИЛИМ АЙЫНЫН АЛКАГЫНДА «ИЛИМИЙ ИЙРИМДИ ПРЕЗЕНТАЦИЯЛОО» ИШ-ЧАРАСЫ ӨТТҮ

Илим айынын алкагында Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун Чет тилдер колледжинин Чет тилдер ПЦКсында «Илимий ийримди презентациялоо» темасында таанып-билүүчүлүк иш-чара өткөрүлдү.

Жолугушууга Сежонг Корея университетинин өкүлү жана кытай тилинин окутуучусу конок катары катышып, студенттерге илимий ийримдин багыттары, корей жана кытай тилдери, аталган өлкөлөрдүн маданияты жана билим берүү системасы тууралуу баалуу маалыматтарды беришти.

Студенттер кызыккан суроолоруна жооп алып, эркин пикир алмашышты. Келип, өз тажрыйбалары менен бөлүшкөн конокторубузга терең ыраазычылык билдиребиз!

Илимгеумтулуу—өнүгүүнүн, билимгеумтулуу—келечектиначкычы!