1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

6 дней назад

51

Илим айынын алкагында «Чет тилдер» Пцксында ачык сааттар старт алды!

Бүгүн, 2026-жылдын 17-ноябрында, Чет тилдер колледжинин Чет тилдер ПЦКсынын окутуучусу Айтмаматова Нурзада «Кытай тили» багыты боюнча билим алып жаткан КТк-3-26 тайпасынын 1-курс студенттерине «Сен эмне жейсиң?» («你吃什么呢?») деген темада ачык сабак өттү.

Сабактын жүрүшүндө студенттер жаңы лексиканы, анын ичинде кытай элинин белгилүү улуттук тамак-аштарынын аталыштарын — чүчпара (饺子 — jiǎozi), бууга бышкан токоч (馒头 — mántou), кесме (面条儿 — miàn tiáor) жана башка сөздөрдү өздөштүрүштү. Мындан тышкары, студенттер сабактын текстин ийгиликтүү талдап, кытай тилинде бири-биринен кайсы жерден түштөнөрүн, ошондой эле эмне жеп, эмне ичерин сурап, эркин маек курууну үйрөнүштү.

Ачык сабак абдан таанымдуу жана жандуу форматта өттү. Студенттер окуу жараянына жигердүү катышып, өз жөндөмдөрүн көрсөтө алышты, ал эми кызыктуу интерактивдүү оюндар жаңы өтүлгөн материалды терең бекемдөөгө өбөлгө түздү.