Жумуш орунда окутуудагы көрсөтмөлүү сабак
Алдынкы тажрыйба борбору - Жалал-Абад колледжинин Ветеринария боюнча окуу өндүрүштүк комплексинде көрсөтмөлүү сабак өтүлдү. Айыл жергесинде Акман айылында жайгашкан окуу өндүрүштүк комплексинде малдарды дарылоо, операция кылуу, багуу иштери жүргүзүлөт.
Ветеринария ПЦКсынын ВЕТк-01-24 группасынын студенттери ОӨКга барышып, “Жаныбарларынын анатомиясы жана физиологиясы” сабагынан “Айыл чарба жаныбарынын баш сөөгү” деген темада көрсөтмөлүү сабак өтүштү.
Сабакка ЖАКтын карьера жетекчиси Г.Ж. Алимбаева жана ЖАКтын практика жетекчиси Э.А. Режепова жана ветеринария ПЦКсынын окутуучулары катышты. Көрсөтмөлүү сабакты Жолонбаева Бегимай өттү. Сабак кызыутуу болуп, студенттердин талкуусун жаратты. Пайдаланылган натуралдык көрсөтмө куралдар балдарга кызыктуу болду.