Ветеринария адистигинде көчмө дезинфекциялоочу машина менен практикалык сабак өтүлдү
Алдынкы тажрыйба борбору -Жалал-Абад колледжинин Ветеринария ПЦКсынын ВЕТк-01-24 жана ВЕТк-2-23 тайпасынын студенттери менен окуу өндүрүштүк комплексте “Зоогигиена жана ветеринардык санитариянын негиздери” сабагынан окутуучулар Жолонбаева Б. Исабекова А. Адилбек уулу К. иш ордунда окутууну уюштурушту.
ЖАКтын ДУК машинасын колдону анын иштетүү жолу менен практикалык сабак өтүштү. ДУКтун дезинфекциялоочу аппараты ар түрдүү өндүрүштүк, айыл чарба жана тамак-аш жайларын, канаттуулар фабрикаларын, мал чарба фермаларын, мал союучу жайларды, мал жүктөө жана түшүрүү пунктарын, дан жана жашылча сактоочу жайларды дезинфекциялоо үчүн колдонулушун үйрөнүштү, практикада жасап көрүштү. Сабак бардык студенттерге жакты. Келечектеги ветеринарлар кесибине кызыгуусу дагы бир жолу артты.