1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Ветеринария ПЦКсы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

85

Жумуш орунда окутуу- студенттердин практикалык көндүмдөрүн бекемдейт

Алдыңкы тажрыйба борбору -  Жалал-Абад колледжинин ветеринария ПЦКсынын Ветк-01-24 тайпасынын студенттери ветеринария боюнча окуу-өндүрүштүк комплексинде жумуш ордунда окутууну уюштурушту.  ПЦК башчысы Б.Ж.Жолонбаева Анатомия жана физиология сабагынан “Дем алуу системасы” деген темада ЖООнун  ачык сабагын өттү. Сабак учурунда студенттер дем алуу органдары менен таанышты, койдун өпкөсүнөн диктикаулез курттары бар экенин аныкташты жана ыланды алдын алуу боюнча кеңири маалымат ала алышты. Ачык сабакка Ветеринария ПЦКсынын окутуучулары жана ЖАКтын карьера жетекчиси Г.Алимбаива жана ЖАКтын өндүрүш практика жетекчиси Э.Режапова катышты. Сабактын жүрүшүндө студенттер арасында өпкө курттун келип чыгуу себептерин жана дарылоо профилактикасы боюнча кызыктуу талкуу жаралды.

Ал эми ошол эле тайпанын студенттерин алып Ноокен райондук ветеринардык лабороториясына барып “Бруцеллез ыланынын козгогучтары” деген темада иш ордунда окутуу болду.

Ал жерде Ноокен райондук лабороториянын орун басары Жапаров Ильяз лабораториянын баардык бөлүмдөрү менен тааныштырды. Лабороториянын серология бөлүмүнун башчысы Ормонова Ж. ири мүйүздүү малдан алынган кандын негизинде бруцеллез ыланын аныктоо үчун РБП реакциясын жүргүзүп, көрсөтүп түшүндүрмө берди.  Студенттерге лабораториянын жетекчилери жумушка кабыл алууга даяр экенин билдирди.