1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Ветеринария ПЦКсы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

35

Практиканын   рефлексиялык конференциясы иш берүүчүнүн катышуусунда өттү

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Алдыңкы тажрыйба борбору -Жалал-Абад колледжинин ветеринария адистигинин студенттери мамлекеттик практикада жүрүшөт.  Студенттер менен практиканын өтүү максаттары ишке ашып жаткандыгын анализдөөчү рефлексиялык конференция уюштурулду. 

 Практиканын өтүшүнө жана мындан наркы жүрүшүнө баа берүү үчүн Сузак райондук ветеринардык башкармасынын жетекчиси Сабирханов А. И.  жана башкармадагы инспекторлор конференцияга  катышышты.   Жалал-Абад колледжинин өндүрүштүк практика жетекчиси Э.А.Режапова  Ветеринария ПЦКсынын башчысы Жолонбаева Б. жана практика жетекчилеринин катышуусунда Ветк-01-23, Ветк-2-22 тайпаларынын практика мезгилиндеги көйгөйлөрү жана аны жоюу жолдору  талкууланды.

Студент практиканттар практика учурундагы жетишкендиктер, кемчилдиктер менен ой  бөлүшүп,  иш берүүчү жана практика жетекчилери менен чогуу чечимдерди кабыл алышты. Күндөлүк, отчётторду толтуруу боюнча суроолорду берип  практика жетекчилеринен кенен жооп ала алышты.

Рефлексиялык конференция ар бир студентке кесипке кызыгуусу боюнча аныктама бере алат.