Ветеринарияда жумуш ордунда окутуу ийгиликтүү өттү

Алдынкы тажрыйба борбору-Жалал-Абад колледжинин ветеринария ПЦКсынын ВЕТк-01-24 жана ВЕТк-2-23 тайпасынын студенттери Жалал-Абад шаары “Ынтымак” ЖЧКнын акредиттелген ветеринардык санитардык экспертиза лабороториясына барып “Зоогигиена жана ветеринардык санитариянын негиздери” сабагынан окутуучулар Жолонбаева Б. Исабекова А. жумушчу программанын негизинде жумуш орудунда окутушту.
Жашылча жемиштердеги нитраттын санын аныктоо темасындагы жумуш ордунда окутуу студенттерге кесиптик көндүмдү калыптандыруу максатында ийгиликтүү өттү. Өндүрүштөн адис катары Нажимидинова Даткайым студенттерге кызыктуу маек куруп берди .
Студенттер лабороториянын баардык шарттары менен таанышып,
12 сатуучудан жемиштер алынып лабараторияда текшерүүдөн өткөрүштү. Алманын нитраты 200 жана памидорду текшергенде нитраты 400 болуп чыкты.Студенттер бардык процессте активдуу катышып,кызыккан суроолоруна жооп ала алышты.
Жогорудагы көрсөткүчтөр нормада деп эсептелинип, сатуучуларга атайын справкалар берилди.. Жыйынтыгында каттоо журналына протоколдоштурулуп жыйынтыкталды.