1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абадский колледж
  4. Техника ПЦКсы
  5. Жаңылыктар

2 года назад

367

ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАН КОРГОНУУ АДИСТИГИНИН СТУДЕНТТЕРИ ШТАБДЫК МАШЫГУУДА

Алдыңкы тажрыйба борборунун өзгөчө кырдаалдан коргонуу адистигиндеги 2-3-курстардын студенттери мекемеде пландаштырылган штабдык машыгууга катышышты.

Иш-чара Жалал-Абад облусунун жарандык коргонуу башчысы, Жалал-Абад облусу боюнча президенттин ыйгарымдуу өкүлүнүн буйругунун негизинде “Облус аймагында ар кандай мүнөздөгү өзгөчө кырдаалда коркунуч жаралган учурда жана катталганда облустук башкаруу органдарынын иш-аракеттери” боюнча болду. Студенттер жарандык коргоо кызматтарынын өзгөчө кырдаалдар учурундагы аткарган иш-аракеттери менен кенен таанышып, практикалык билимдерин өркүндөтүштү.Иш-чара ЖАКтын өндүрүштүк окуу иштери боюнча директордун орун басары Ү.Т. Кайкиева, ЖАКтын өндүрүштүк практика жетекчиси Э.А. Режапова жана практика жетекчилери А.А. Эшбаев, Б.А. Исмаиловдун катышуусу менен өттү.