1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абадский колледж
  4. Техника ПЦКсы
  5. Жаңылыктар

2 недели назад

14

Ачык сабактар  Техника ПЦКсында

Ачык сабактын графигинин негизинде Техника ПЦКларында ачык сабактар отулдү. Өткөрүлгөн ачык сабактар билим берүү процессин жакшыртууга, окутуучулардын кесиптик чеберчилигин өнүктүрүүгө жана заманбап педагогикалык ыкмаларды практикада колдонууга багытталды. Сабактар пландуу түрдө уюштурулуп, темалар окуу программасына ылайык тандалган.

Сабак учурунда окутуучулар ар түрдүү окутуу ыкмаларын колдонуп, теориялык материалды практикалык тапшырмалар менен айкалыштыра алышты. Студенттердин (окуучулардын) активдүүлүгү байкалып, суроо-жооп, талкуу, топтук иш жана интерактивдүү тапшырмалар аркылуу сабакка тартылуусу жогору болду.

Көрсөтмөлүү материалдар, презентациялар жана техникалык каражаттар максатка ылайык колдонулуп, теманын түшүнүктүүлүгүн арттырды. Сабактын максаты так коюлуп, анын жыйынтыгында күткөн натыйжаларга негизинен жетишилди.

Ошол эле учурда айрым сабактарда убакытты туура бөлүштүрүү, бардык окуучуларды бирдей деңгээлде катыштыруу жана рефлексия бөлүгүнө көбүрөөк көңүл буруу зарылдыгы байкалды.

Жалпысынан алганда, ачык сабактар жогорку деңгээлде өтүп, окутуучулардын методикалык даярдыгын, чыгармачыл мамилесин жана кесипкөйлүгүн көрсөтө алды. Алынган тажрыйба мындан аркы сабактарды өркүндөтүүдө пайдалуу болот.