1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Өзгөчө кырдаалдарда коргонуу жана автомобиль транспортун техникалык тейлөө жана оңдоо ПЦКсы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

48

ЖАКтын автоэлектриктери аккредитациядан өтүштү

2025-жылдын 27-28-мартында ЖАКта Билим-Стандарт көз карандысыз аккредитациялык агенттигинин эксперттик комиссиялары визит менен болушту.

 Жалал-Абад колледжинин 190503 Транспорттун электр жабдууларын жана автоматикасын эксплуатациялоо (суу транспортунан башка транспорттун түрлөрү боюнча)" билим берүү программасын Билим-Стандарт көз карандысыз аккредитациялык агенттиги 5 жылга өтүүнү аккредитациялык кеңешке сунуштады.  

"Билим Стандарт" аккредитациялык агенттигинин эксперттик комиссиясы берилген документтерди объективдүү жана ар тараптуу изилдеп чыгып, окутуучулар курамы, студенттердин өкүлдөрү жана иш берүүчүлөр менен жолугушууларды жана интервьюларды өткөрдү.

Комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча Жалал-Абад колледжинин 190503 Транспорттун электр жабдууларын жана автоматикасын эксплуатациялоо (суу транспортунан башка транспорттун түрлөрү боюнча)" билим берүү программасы  мамлекеттик үлгүдөгү документтерди берүү укугуна ээ болууга сунушталды. Эксперттик комиссиянын көз карашында аталган программа бардык аккредитациялык талаптарга жооп берээри айтылды.