1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. ПЦК «Чрезвычайных кырдаалдарда коргонуу жана автотранспорттун техникалык тейлөө жана ремонт»
  5. Жаңылыктар

4 месяца назад

88

ЖУМУШЧУ ОРУНДА ОКУТУУ

Алдынкы тажрыйба борбору- Жалал-Абад колледжинин өзгөчө кырдаалдардан коргоо адистигинин студенттери менен жумушчу орунда окутуу өткөрүлдү.   

 Өзгөчө кырдаалдардан коргоо адистигинин ӨКК-2-23, ӨКК-3-23 тайпаларынын студентери менен жумушчу ордунда окутуу боюнча Адистикке киришүү сабагынан “Куткаруучулардын кесиптик даярдыгы” темасында ӨКМдин № 20 өрт өчүрүү-куткаруу бөлүмүндө сабак болуп өттү.

   Сабакты Жалал-Абад шаардык  өрт өчүрүү-куткаруу бөлүмүнүн башчысы Токтосунов Мырзабек Култаевич жана окутуучу А.А.Эшбаев  өтүп беришти.

   Сабакта куткаруучулардын атайын даярдыгын баалоо критерийлери кенен каралып студенттерге кызыктуу болду. Сабак учурунда өзгөчө кырдаалдарга чакыруу иш чарасы уюштурулуп, студенттердин келечектеги адистигине кызыгуусун арттырды.

     Жумушчу орунда окутуу өз максатына жетип, иш берүүчүлөр менен тыгыз байланышта болууга өбөлгө түздү.