Студент-практикантка ийгилик!
Алдыңкы тажрыйба борбору Жалал-Абад колледжинин электр менен жабдуу жана электр станциялары, тармактар жана системалар адистигинин ЭСк-2-22 жана ЭССк-2-22 тайпаларынын студенттери окуу процессинин графигине ылайык 2024-жылдын 1-апрелинен 13-апрелге чейин окуу практикага жөнөп жатышат. Алар Жалал-Абад электр тармактары ишканасына жана анын бөлүмдөрүнө, Датка подстанциясында, Уч-Коргон жана Таш-Комур ГЭСтеринде болушат. Алар үчүн окуу практикасына жөнөтүү конференциясы уюштурулду.Конференцияга Жалал-Абад колледжинин өндүрүштүк практика боюнча директордун орун басары У.Т.Кайкиева, Жалал-Абад колледжинин өндурүштук практика жетекчиси Э.А.Режапова жана практика жетекчилери катышышты. Конференцияда студенттерге жолдо жүрүүнүн жана техникалык коопсуздук эрежелери түшүндүрүлүп, жол карта боюнча маалыматтар айтылды.
Студенттерге алгачкы окуу практикасына ийгилик каалайбыз!