1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абадский колледж
  4. «Энергетика жана Өзгөчө кырдаалдарда коргонуу» ПЦКсы
  5. Жаңылыктар

2 недели назад

34

Энергетика күнү салтанаттуу белгиленди

Жалал-Абад колледжинин Энергетика жана ӨКК ПЦКсынын окутуучулары Энергетика күнүнө карата иш берүүчүлөр менен биргеликте салтанаттуу иш-чара өткөрүштү. Майрамдык иш-чара куттуктоо сөздөрү менен коштолуп, өндүрүштөн келген коноктор Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын РЗиА бөлүмүнүн инженери У.Азимбаев, капиталдык курулуш бөлүмүнүн инженери А.Мамытова, Бөлүштүрүүчү тармактар бөлүмүнүн инженери С.Алимбековтор келечектин энергетиктерине жана окутуучуларга жылуу каалоо-тилектер айтышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө энергетика тармагынын коомдогу орду жана жаңы замандын талабына ылайык заманбап электр жабдууларын өнүгүшүндөгү маанисин түшүндүрүп,  келечек адистерди даярдоодо өндүрүш менен тыгыз байланышта болорун айтышып, иш берүүчүлөр өз куттуктоолорун билдирип, студенттерге кесиптик ийгиликтерди, талыкпас эмгек жана жоопкерчиликтүү адис болууну каалашты.

Майрамдык иш-чара студенттердин кесипке болгон кызыгуусун арттырып, энергетика тармагына болгон кызыгуусун жана окутуучуларга  сый-урматтын билдиришти.