1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абадский колледж
  4. «Энергетика жана Өзгөчө кырдаалдарда коргонуу» ПЦКсы
  5. Жаңылыктар

2 недели назад

30

Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан видео-роликтер парады

Жалал-Абад колледжинде Энергетика жана ӨКК ПЦКсынын ЭСк-2-24, ЭССк-2-24, ЭССк-2-23, ЭСк-2-23, ӨКК-2-24, ӨКК-3-24 тайпалары арасында  Улуу жазуучу, ойчул жана дүйнөлүк деңгээлдеги инсан Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү белгиленип, ага арналган студенттердин видео-роликтер парады өткөрүлдү.

Иш-чаранын алкагында студенттер Айтматовдун чыгармаларына, ойлоруна жана адамзаттык баалуулуктарга арналган өздөрүнүн чыгармачыл видео-роликтерин даярдашып, жогорку көркөм деңгээлдеги эмгектерди сунушташты.

Жасалган бардык видео-роликтер ЖАКтын социалдык тармактарындагы расмий баракчаларга жүктөлүп, кеңири коомчулукка сунушталды.

Иш-чаранын максаты:

Чыңгыз Айтматовдун мурасын жаш муундарга жайылтуу;

Студенттердин көркөм-чыгармачыл потенциалын колдоо;

Айтматовдун адамзаттық идеяларын заманбап форматта түшүндүрүү;

Санариптик контент аркылуу студенттердин өз оюн эркин билдирүүсүнө шарт түзүү;

Атактуу жазуучунун дүйнөгө таанылган идеяларын жаңы муундун көз карашы менен чагылдыруу.

Иш-чараны жалпы Энергетика жана ӨКК ПЦКсын окутуучулары тарабынан уюштурулду.