Алдыңкы тажрыйба борбору- Жалал-Абад колледжинин Энергетика адистигинин студенттери ДАТКА көмөк чордонунда экскурсияда болушту

Алдыңкы тажрыйба борбору -Жалал-Абад колледжинин Энергетика ПЦКсынын Электр менен жабдуу(тармактар боюнча) жана Электр станциялары тармактар жана системалар адистигинин ЭССк-2-23 ЭСк-2-23 тайпаларынын студенттерин Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын 02.04.2025ж № 254 буйругунун негизинде атайын уруксат алып, Даткага экскурсияга барышты.
Экскурсиянын максаты- студенттердин билимин жана кесипке болгон кызыгуусун арттыруу.
Техникалык коопсуздук боюнча инструктаж 500/220/35кВ Датка көмөк чордонун улук кезметчиси Матназаров Искандарбек Маматкаримович тарабынан берилип, студенттерге коопсуздук эрежелери тааныштырылды жана техникалык коопсуздук эрежелери журналына кол койдурулду.
ДАТКА көмөк чордондун жалпы структуралык түзүлүшү менен И.М.Матназаров тааныштырып, студенттерге кызыктуу маек курду. Андан сырткары студенттердик кызыккан суроолоруна жооп берди.
Датка көмөк чордонун Жалал-Абад облусунда болушун жана анын экономикага тийгизген таасирин балдар аңдап билишти. Кесибине кызыгуу артты. Бул дагы жумуш ордунда окутуунун бир түрү экендигин түшүнүштү.