1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. «Энергетика» ПЦКсы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

56

Энергетика системасынын жетишкендиктери боюнча тегерек стол өткөрүлдү

Алдыңкы тажрыйба борбору-Жалал-Абад колледжинин энергетика ПЦКсында соц.өнөктөштөр катышкан маанилүү тегерек стол өткөрүлдү. Тегерек столго 3-курстарынын студенттери жана Жалал-Абад электр тармактары ишканасынын СНТиБ бөлүмүнүн жетектөөчү инженери А.С.Атчапаров катышты.

     Алар менен "Кыргыз Республикасын энергетика системасынын  жетишкендиктери жана алдыдагы пландары" темасында кызуу талкуу  болду.          А.С.Атчапаров студенттерди энергетика тармагына кызыгуусун арттыруу максатында  энергетиканын бир нече жетишкендиктерин жана учурдагы пландарды айтты. Энергетика тармагынын жашоодогу, экономиканын өнүгүүсүндөгү тийгизген оң таасирин баса белгиледи. Бүтүрүүчүлөр үчүн жумуш орду көп экендигин айтып, окуусун бүтөрү менен жумуш менен камсыз болоорун эскертти.

Студенттер өзүдөрүнун кызыккан суроолоруна жоопторду алышты.Тегерек стол кызыктуу өттү.