1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. «Энергетика» ПЦКсы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

479

Иш берүүчүлөр менен практикага чыккан студенттин  жол картасы талкууланды

Алдыңкы тажрыйба борбору-Жалал-Абад колледжинин энергетика ПЦКсынын окутуучулары 2024-2025 окуу жылына карата адистик боюнча практиканын жумушчу программасы, жол картасы, базада өтүлүүчү иш чаралардын иш планы жана жүмүш ордунда окутуу (ОРМ)программасы  өндүрүштөгү практика жетекчилери жана иш берүүчүлөр менен талкууланды.

Талкууга Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын бөлүштүрүү тармактар кызматынын жетектөөчү инженери К.Ж.Мурзабеков, ишенимдүү көзөмөлдөө жана коопсуздук кызматынын (СНТиБ)жетектөөчү инженери А.С.Атчапаров, электр жабдууларын сыноо аша чыңалуудан коргоо жана обочолонтуу жергиликтүү кызматы бөлүмүнүн орун басары И.А.Масабиров катышты. Алар окуутуучулар тарабынант түзүлгөн практиканын жол картасына сунуштарды киргизди. Келечектеги кесип ээлерине учурдагы технологиянын жетишкендиктерин, энергетикага керектүү электрондук программаларды киргизүүнү айтышты.

          Жалал-Абад колледжинин директору п.и.к.доцент Б.М.Турдубаева катышып, соц. өнөктөштөргө ыразычылык билдирди.