1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. «Энергетика» ПЦКсы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

84

ЖАК ТА КЫЗЫКТУУ КӨРСӨТМӨЛҮҮ  САБАКТАР БОЛДУ

Алдынкы тажрыйба борбору  Жалал -Абад колледжинде Энергетика ПЦКсынын окутуучусу Маматалиева Ханзада жана Паязова Жыпаргүл студенттердин кесиптик  кызыгуусун  арттыруу максатында көрсөтмөлүү ачык сабак өттү.

    ЭСк 2 22 тайпасына “Электр жабдууларын эксплуатациялоо”  сабагынан  “Өчүргүчтөрдү эксплуатациялоо” темасында  ачык сабак болду.

Экинчи  ачык сабакты энергетика ПЦКсынын окутуучусу Паязова Жыпаргүл ЭСк 2 22 тайпасынын I- кичи тайпасына өттү.

  Ал  “ Релелик коргоо” лабораториялык  сабагынан  “Электр өткөргүч линияларын багытту максималдуу токтон коргоо” темасында ачык сабак өттү.

 Акыркы үлгүдөгү техникалык каражаттар колдонулуп, студенттерге берилген тапшырмалар техникага байланышып, этап этабы менен аткарыла турган логикалык түзүлүштө болду.  Өзгөчө, студенттердин өз алдынча иши, жасаган долбоорлору кызыктуу болуп,  студенттердин кесипке багыт алуусун күчөтүүгө түрткү берди.

    Сабакка энергетика тармагындагы окутуучулар жана методикалык иштер боюнча инспектор Кудукбаева Эльмира катышты.

Сабактар студенттердин кызыгуусун жаратып,  максатына жетти.